Орусияда "чет элдик агент" мыйзамы боюнча алгачкы кылмыш иши козголду
Орусиянын Новочеркасск шаарында тергөөчүлөр "Дон аялдары" уюмунун башчысы Валентина Череватенкого карата кылмыш ишин козгоду. Ал “чет элдик агент” жөнүндөгү мыйзам нормаларын аткаруудан баш тарткан деп айыпталууда. Орусияда мындай берене менен алгач ирет тергөө амалы ачылды.
"Дон аялдары" биримдиги 2014-жылы “чет элдик агенттердин” тизмесине кирген. Череватенко мындан тышкары дал ушундай аталыштагы коомдук фондду дагы жетектейт. Кылмыш ишинде “Дон аялдары” уюму саясий ишмердүүлүк менен алектенген жана чет жактан каржыланып келсе да уюмдун жетекчилиги аны чет элдик агенттердин тизмесине киргизүүдөн качып жүргөнү айтылат.
Эгер ал күнөөлүү деп табылса, эки жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.
Череватенко "Ведомости" гезитине берген маегинде тагылган айыптарды четке кагып, муну саясий куугунтуктоо катары баалаган. Анын айтымында, “Жарандык Минск” долбоору башталгандан бери “Дон аялдары” уюмуна басып көрсөтүлүп баштаган. Долбоордун максаты Украинанын чыгышындагы Мниск келишиминин аткарылышын көзөмөлдөө болчу.
Буга чейин Валентина Череватенкону бир нече өлкөнүн укук коргоочулары колдоп чыккан. Алар Тергөө комитетинин бул кадамын жарандык уюмдардын ишине кийлигишүү деп аташып, Орусия муну менен адам укуктары жаатындагы эл аралык милдеттенмелерин бузуп жатканын белгилешкен.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05
Орусия Өзбекстанга 7 миңдей камалган адамды өткөрүп берет
Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев камактагыларды алмашуу туурасында келишимге кол...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 16:56