Тажик өкмөтү Интернеттин тарифин 60 пайызга көтөрөт
Тажикстан өкмөтүнүн алдындагы Монополияга каршы кызмат Интернетке туташуу акысын 60 пайызга чейин жогорулатууну чечти. Ага ылайык, салыктарды эске албаганда Интернет трафигинин бир мегабайты 5 дирам, бир гигабайты 50 сомони (5 доллардан ашык) болот.
Учурда Интернеттин бир гигабайты орто эсеп менен 30-35 сомони.
Монополияга каршы кызматтын буйругу 27-марттан тарта күчүнө кирет. Жергиликтүү басылмалар тарифти көтөрүү – Интернеттин ылдамдыгын жогорулатуу аракетине байланыштуу экенин жазышууда.
2018-жылдын жай мезгилинде Тажикстанда Интернеттин таралашы 33,1 пайызды түзгөн. Internet World Stats сайтынын маалыматы боюнча бул аймактагы эң начар көрсөткүч. Ошол эле маалда өлкөдө Интернеттин тарифи дүйнө жүзү боюнча кыйла жогору. Speedtest сервисинин версиясына ылайык, Тажикстан Интернеттин орточо ылдамдыгы боюнча 137-орунда турат.
Эксперттер мамлекет бул тармакты катуу көзөмөлдөп, интернет-провайдерлер үчүн акциз киргизгендиктен, кызмат көрсөтүү акысы жогору деп эсептешет.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди
АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-07-05 23:23
Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди
Расмий Берлиндин пикиринде, азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:18
Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды
Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:25
Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...
Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 21:37
Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал
Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:23
Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды
Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:47
National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат
National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 16:04