KELECHEK
rek

Москвада Сталиндин урматына өткөн акцияда эки киши кармалды

Москвада Сталиндин урматына өткөн акцияда эки киши кармалды

Москванын Кызыл аянтында Иосиф Сталиндин өлгөнүнүн 66 жылдыгына карата өткөн акцияда "Декоммунизация" долбоорунун эки активисти кармалды.

Алар Сталиндин айкелинин алдына барып, “Аялдарды жана балдарды өлтүргөн баш кесер, тозок отуна күй” деп кыйкырышкан. Активисттер полиция бөлүмүндө эки сааттан ашык кармалышты.

Евгений Сучков полиция бөлүмүнөн чыккандан кийин: “Бүгүн Кызыл аянтта зулумдуктун оюн-тамашасы болду. Сиз аны көрүп туруп, унчукпай койсоңуз, ошол зулумдуктун катышуучусу болосуз” деди.

Алар бейбаштыкка айыпталып, 500 рубль төлөгөндөн кийин бошотулушту.

Жыл сайын 5-марттта КПРФ мүчөлөрү “Жолдош Сталинге эки гүл” акциясын өткөрүшөт. Коммунисттер Кызыл аянтта гүл таратышат.

Бул жолу акцияга 500дөй киши катышты.

Иосиф Сталин 1953-жылы 5-мартта өлгөн. Советтик бийликти дээрлик отуз жыл башкарган мезгил аралыгында дээрлик 20 миллионго жакын адам сүргүнгө айдалып, жүз миңдеген кишилер бейкүнөө атылган, айрым этностор жазыксыз жерден туулуп-өскөн журтунан башка жактарга депортацияга кабылган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52