KELECHEK
rek

Зилалиев ага басым жасалып жатканын билдирди

Зилалиев ага басым жасалып жатканын билдирди

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин атынан ага каршы козголгон кылмыш ишинин айланасындагы абал боюнча билдирүү жарыяланды.

Анда Залилаевге туугандары жана жакындары аркылуу болуп көрбөгөндөй басым жасалып жатканы белгиленген. «Алсак, менин мүлктөрүмөн тышкары, мага таандык экенин далилдебестен эле дээрлик бардык туугандарымдын мүлкү камакка алынды. Атайын кызмат жакшылап териштирбестен эле эмнеге мынча шашып жатат? Мен ошол адамдардын реакциясын элестетип жатам. Бул маселени сотто чечишип алабыз деп ойлойм», — деп жазылган билдирүүдө.

Мындан тышкары анда Залилиевдин туугандары менен ага таптакыр тиешеси жок адамдар менен компаниялардын дагы эсептери камакка алынганы жазылган. «Улгайып калган ата-энемдин пенсиялык эсебин жана туугандарымдын маяна ала турган карточкаларын камакка алышты. Тактап айтканда, алар пенсиясыз жана айлык маянасыз калышты», - деп жазылган билдирүүдө.

Ошондой эле анда Зилалиевдин былтыртан бери ооруп жаткан уулунун чет өлкөгө дарыланып келүүсүнө уруксат берилбей жатканы жазылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2018-жылдын 8-декабрында мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди камакка алган. Ага Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 308-10-беренеси («Мыйзамсыз баюу») боюнча кылмыш иши козголгон.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53