KELECHEK
rek

Орусиялык дипломаттар "Новичоктон" ууланган аялдын уулу менен жолугушууга ниеттенишүүдө

Орусиялык дипломаттар

Лондондогу Орусия элчилиги

Орусиянын Улуу Британиядагы элчилиги нервди шал кылуучу заттын таасиринен улам каза тапкан Дон Стёржесстин уулу менен жолугушууга даяр экенин билдирди. “Новичоктон” орусиялык мурдагы тыңчы Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлия дагы жабыр тартышкан.

ТАСС маалымат агенттиги билдиргендей, дипломатиялык өкүлчүлүк маркумдун уулу Эван Хоупко Солсберидеги окуянын жылдыгына байланыштуу “Солсбери: жоопсуз суроолор” аттуу баяндаманы жөнөтүү ниетинде.

Эймсбери шаарында нервди шал кылуучу “Новичок” затына ууланып өлгөн Дон Стёржесстин уулу Орусия президенти Владимир Путинге кат жазган. Эван Хоуп аны кылмышка шектүүлөрдүн британ тергөөчүлөрү тарабынан суралышына уруксат берүүгө үндөгөн. Анын айтымында, Путин “ бул иште бираз адамкерчилигин көрсөтсө, адилеттүүлүктү орното турган жападан жалгыз киши”.

Бирок Путин былтыр күзүндө "Боширов" менен "Петров" Скрипалдын ууланышына тиешеси жок, жай жарандар экенин билдирген. Ошол эле күнү эки шектүү RT телеканалына интервью берип, Солсбериге турист катары келишкенин, ишкерлик менен алектенишерин айтышкан. Ошондон бери алар бир дагы жолу байланышка чыгышкан эмес.

44 жаштагы Дон Стержесс 2018-жылы июлда “Новичок” затын атыр деп колдонуп алгандыгына байланыштуу мерт болгон. Британ полициясы бул зат менен ошол эле жылы март айында коңшулаш Солсбери шаарында мурдагы тыңчы Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлия ууландырылган деп эсептейт. Алар узакка созулган дарылануудан кийин аман калышкан. Ууландырууга орусиялык чалгынчылар деп божомолдонуп жаткан Анатолий Чепига (Ал –Руслан Боширов) менен Александр Мишкин ( ал– Александр Петров) шектелүүдө.

4-мартта Сергей менен Юлия Скрипалдын ууландырылышына бир жыл болот.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...