KELECHEK
rek

Кадыров: Түрмөдөгү ордубузду Атамбаевге бошотуп бердик

Кадыров: Түрмөдөгү ордубузду Атамбаевге бошотуп бердик

Бийликти басып алууга аракет кылган деген айып менен соттолуп чыккан саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров экс-президент Алмазбек Атамбаевди коррупциялашкан бийлик түзгөн деп айыпташты.

«Биз түрмөдөгү ордубузду Атамбаевге бошотуп бердик. [...] Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков болуп 2013-жылдан бери эле анын кылмыштуу топ түзүп, мамлекетти тоноп, коррупциялашкан иштерди жасап жатканын айтып келгенбиз. Бүгүнкү күндө мунун баары ырасталып жатат. Атамбаев Ниязов, Сегизбаев, Жолдубаева, Сүйүнбаев, Исраилов менен чогуу өзү башында турган кылмыштуу топ түзүп, бүт мамлекетти коррупцияга айлантып, өлкөнү өзүнүн менчигиндей башкарды. Биз буга эми жол бербейбиз. Атамбаевдин орду түрмөдө. Аны менен кошо командасы бүт камалышы керек. Алар бүгүнкү бийликке саясий оппонент эмес, баары коррупционерлер», - деп билдирди Кубанычбек Кадыров.

Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров «бийликти басып алууга аракет кылган» деген айып менен 2016-жылы мартта кармалган. Алардын иши боюнча сот жараяны дээрлик эки жылга созулуп, былтыр июнда Жогорку сот Асанов менен Кадыровду 8 жылга, алар менен кошо кармалган Эрнест Карыбековду 14 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Быйыл 12-февралда Асанов менен Кадыров шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарылган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53