KELECHEK
rek

Трамп менен Ким Чен Ындын жолугушуусу макулдашуусуз аяктады

Трамп менен Ким Чен Ындын жолугушуусу макулдашуусуз аяктады

Дональд Трамп менен Ким Чен Ын Ханойдогу жолугушууда макулдашууга келе алышкан жок. Бул тууралуу Ак үй билдирди.

«Эки өлкөнүн өкүлдөрү алдыда бул боюнча сүйлөшүүлөрдү улантышат», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Трамп менен Кимдин документтерге кол коюу салтанаты сыяктуу эле алардын биргелешкен тамактануусу дагы болгон жок.

Саммиттин жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйында Трамп Түндүк Корея өзөктүк куралдан баш тарта турганын, бирок бул үчүн өлкөгө киргизилген бардык санкцияларды алууну талап кылганын айтты. «Алар санкцияларды толук алдырууга ниеттенип жатканын айтышты. Биз ага макул болгон жокпуз», — деди президент.

Бирок Трамп Түндүк Корея менен макулдашууга келүүдө дале болсо «оптимизм бар экенин» белгилеп, анын Ким менен «достук» мамилеси сакталып калганын айтты. Ал ошондой эле Түндүк Кореянын лидери ага өзөктүк-ракеталык сыноолорду өткөрбөө убадасын бергенин кошумчалады.

Watch Live: President Trump holds a press conference following the Hanoi Summit. https://t.co/vTIJI8fCc9

— The White House (@WhiteHouse) 28 февраля 2019 г.

Трамп менен Кимдин бүгүнкү сүйлөшүүлөрүнүн негизги темасы Пхеньянды өзөктүк куралсыздандыруу болгон. Жолугушуунун алдында Трамп «туура макулдашууга» кол коюуга шашылбай турганын айткан. «Эгер мамилелер жакшы болсо, анда көптөгөн жакшы иштер болушу мүмкүн», — деген ал. Өз кезегинде Ким Чен Ын аларды «бүткүл дүйнө жүзү» карап жатканын белгилеп, айрымдары үчүн бул «фантастикалык тасманын» сюжети катары көрүнүп жатканын айткан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52