Пакистан Индиянын эки учагын атып түшүргөнүн билдирди
Пакистан Кашмирде Индиянын эки аскердик учагын атып түшүргөнүн, эки учкучун кармаганын билдирди.
Расмий Исламабад маалымдагандай, Индиянын аскердик учактары шаршемби күнү Кашмирди экиге бөлүп турган чек ара тилкесинен учуп өтүп, Пакистандын аба мейкиндигине киргенде атып түшүрүлгөн. Эки учактын бири Кашмирдин Исламабадга баш ийген аймагына, экинчиси Индияга караштуу бөлүгүндө кыйраган.
Кытай Индия менен Пакистанды сабырдуулукка үндөдү, АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео дагы ушундай эле билдирүү жасады. "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү эки өлкөнүн жаңжалы Ооганстандагы урушту жөнгө салууга кедергисин тийгизерин айтууда.
26-февралда Индия «Мираж 2000С» үлгүсүндөгү 12 учагы менен Кашмирдин Пакистанга таандык бөлүгүндөгү «Жаиш-е-Мухаммад», «Хизбул Муджахиддин» жана LeT террордук топторунун лагерлерине миң килограммдык бомбаларды таштаганын билдирген.
Британиянын үстөмдүгү аяктаган 1947-жылдан бери Пакистан менен Индия мусулмандар басымдуулук кылган аймактын айынан чатакташып келатышат. Учурда Кашмирде мамлекеттик чек ара жок, анын аймагын көзөмөл сызыгы гана бөлүп турат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05