Президент Жээнбеков: Башка мамлекеттердин облус-шаарлары менен бир туугандык мамилени жандантуу керек
«Башка мамлекеттердин бир тууган облус-шаарлары менен мамилени жандантып, алар менен кызматташуудагы толук потенциалды колдонуу керек», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 27-февралда, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан «Кыргыз Республикасы: региондук өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» конференциясында.
Мамлекет башчысы белгилегендей, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен аракеттенүүсү начарлап кетти.
«Дээрлик баардык облустарыбыз, ири шаарларыбыз башка мамлекеттердин облус, шаарлары менен бир туугандык мамилелерди түзүшкөн, орусча айтканда „побратимы“ болгон. Эки облустун ортосундагы келишимдерге кол коюлган. Шаарларды, облустарды өнүктүрүү үчүн өнөктөштөрдү, инвесторлорду издөө керек. Биргелешкен бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу керек. Мына ушул мүмкүнчүлүк да пайдаланылбай келүүдө. Өнүккөн мамлекеттер, облустар бар силер дос болгон, ошол жактан инвестор тартып, биздин бизнес менен алардын бизнестерин тааныштырып, алдыңкы технологияларды тартыш, алар менен иштеш дагы көз жаздымда калып кетти», — деп айтты Сооронбай Жээнбеков.
Ал айрыкча Россия, Кытай мамлекетинин, коңшу Казакстан, Өзбекстандын жакшы технологияларын колдонуу керектигин белгиледи.
«Бул маселени колго албай, чыныгы аракет жасабастан, муну дагы таштап койдуңар, ал эми бул абдан чоң потенциал. Бул биздин мамлекеттик бийликтин биринчи негизги милдети, айрыкча жергиликтүү бийликтин, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн, акимдердин милдети. Ошол аймактарда иштеп жаткан бизнесмендерди өнүгүп жаткан башка мамлекеттердин бизнесмендери менен тааныштырып, жолугушуусуна шарт түзүп, чогуу ээрчитип барып тааныштырыш керек. Жок дегенде жылына сыртка чыгып бирден долбоор алып келсеңер дагы 40 районго жылына 40 долбоор менен сырттан инвесторлор келет. Мына ушуну дагы колго алгыла», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









