KELECHEK
rek

Конгресс өзгөчө абал киргизүү тууралуу Трамптын жарлыгын жокко чыгарууга ниеттенүүдө

Конгресс өзгөчө абал киргизүү тууралуу Трамптын жарлыгын жокко чыгарууга ниеттенүүдө

АКШнын президенти Дональд Трамп

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы Мексика менен чектешкен аймактарга өзгөчө абал киргизүү тууралуу президент Дональд Трамптын жарлыгын жокко чыгарууга багытталган резолюция кабыл алды.

Жарлыкка Трамп Мексика менен чек арага дубал курууга Конгресс сунуштаган суммадан кыйла көбүрөөк акча алуу мүмкүндүгүнө ээ болуу үчүн 15-февралда кол койгон.

Мыйзам чыгаруучулардын көбү, анын ичинде республикачылар дагы президент өзгөчө абал жарыялоо укугун кыянаттык менен пайдаланып, Конституция боюнча мамлекеттик чыгымдарды көзөмөлдөшү керек болгон Конгресстин артыкчылыктуу укугун бузуп жатат деп эсептешүүдө.

Демократтар басымдуулук кылган Өкүлдөр Палатасындагы добуш берүүдө 245 мыйзам чыгаруучунун 182си резолюцияны колдоду. Алардын арасында 13 республикачы дагы бар.

Сенат Конгресстин төмөнкү палатасынын бул сунушу боюнча 18 күндүн ичинде чечим кабыл алышы керек. Эгер Конгресстин жогорку палатасындагы демократтардын бардыгы резолюцияны колдоп добуш берсе, сунушту өткөрүү үчүн аларга дагы төрт республикачынын добушу керек болуп калат. Азырынча республикачы-сенаторлордун төртөөсү бул демилгени колдой тургандыктарын билдиришти.

АКШда мамлекет башчынын өзгөчө абал жарыялоо боюнча ыйгарым укуктары тууралуу мыйзам 1976-жылы кабыл алынган. Андан бери президент бул укугу менен бир нече жолу пайдаланганы менен Конгресстин бир дагы палатасы аны жокко чыгара алган эмес. Учурда демократтар өлкөнүн түштүк чек арасындагы каатчылык президент Трамптын фантазиясынын жемиши экенин айтып жатышат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52