KELECHEK
rek

Тажикстанда баласынын денесине ийне киргизүүгө айыпталган аял сегиз жылга соттолду

Тажикстанда баласынын денесине ийне киргизүүгө айыпталган аял сегиз жылга соттолду

Мухайё Якубова уулу менен

Тажикстандын Рудаки райондук соту баласынын денесине 10 ийне киргизген деп айыпталган 27 жаштагы Мухайё Якубованы сегиз жылга эркинен ажыратты. Өкүмгө ылайык, ал жаза мөөнөтүн жалпы режимдеги абакта өткөрөт.

Соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин айыпталуучу эркиндикте болот.

Ал ортодо соттолгон аял айыптоолорду четке кагып, буга чейин укук коргоо органдарынын басымы алдында күнөөсүн мойнуна алганын билдирүүдө. Ал өкүм адилетсиз экенин жана жогорку баскычка даттана турганын айтты.

«Мен соттун өкүмүнө макул эмесмин. Баламдын денесинде ал ийнелердин кантип пайда болуп калганын билбейм. Эч бир эне андай кадамга барбаса керек. Алгачкы сурак маалында мени зордуктайбыз жана улуу баламды тартып алабыз деп коркутушкан», — деди Якубова.

​Былтыр июлдун башында Улуттук медициналык борбордун дарыгерлери тогуз айлык наристенин денесинен 10 ийне табылганын билдиришкен. Анда медиктер бала аларды өзү жутуп алмак эместигин айтышкан. Рентген аркылуу текшерүүнүн жыйынтыгында ийнелер наристенин баш сөөгүндө, мурдунун төмөнкү бөлүгүндө, буттарында, моюнунда, төш клеткасында жана башка жерлеринде экени аныкталган. Айрым ийнелер денеге терең кирип кеткендиктен, алгачкы операцияда 6 гана ийнени алып чыгууга мүмкүн болуп, дагы төртөө баланын денесинде калган. Дарыгерлердин айтымдарында, ийнелер наристенин денесинде бери дегенде үч айдан бери жүргөн.

Буга окшогон учур өткөн жылы Өзбекстанда болгон. Анда дарыгерлер 11 айлык наристенин денесинен 16 ийне алып чыгышкан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53