KELECHEK
rek

Алматы соту Адил Тойгонбаевдин мүлкүн конфискациялоо жөнүндөгү чечимди жокко чыгарды

Алматы соту Адил Тойгонбаевдин мүлкүн конфискациялоо жөнүндөгү чечимди жокко чыгарды

Алматы шаардык соту Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаедин улуу кызынын мурдагы күйөөсү, казак жараны Адил Тойгонбаевдин мүлкүн конфискациялоо боюнча төмөнкү инстанциянын чечимин жокко чыгарды.

Tengrinews агенттиги кабарлагандай, 20-февралда апелляциялык комиссия адвокаттын жеке доосун канааттандырып, Медеу райондук сотунун чечимин жокко чыгарган.

2017-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту Тойгонбаевдин үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга сыртынан абакка кескен. Мындан тышкары аны “Эл аралык Манас аэропортуна” 677 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

Алматы шаардык сотунун маалымат кызматы кабарлагандай, Тойгонбаевдин расмий каттоодо турган жери боюнча Медеу райондук сотуна “соттолуучунун мүлкүн конфискациялоо жана материалдык чыгымдарды Кыргызстандын пайдасына өндүрүп берүү” өтүнүчү жөнөтүлгөн.

Алматы шаардык сотунун маалымат катчысы Диас Махамбетовдун билдиришинче, чечим Казакстандын Кылмыш-процессуалдык кодексине ылайык чыгарылган:

– Биринчи май райондук сотунун доо арызы Казакстандын Башкы прокуратурасына жөнөтүлүшү керек болчу. Ал чет өлкөлүк соттун өкүмүн аткартууга сунуш берүүгө укуктуу жалгыз орган. Буга байланыштуу апелляциялык сот мыйзам нормалары сакталбагандыктан, биринчи чечимди жокко чыгарды.

2005-жылдын 24-мартындагы элдик ыңкылаптан кийин бозгунга кеткен Адил Тойгонбаев "Кыргызстандын аймагында бир катар өнөр жай объектилерин мыйзамсыз менчиктештирген" деген айыптын негизинде эл аралык издөөгө алынган. Ага "алдамчылык, ири суммадагы салыктарды жашырган" деген да күнөөлөр тагылган.

2016-жылы аны Кыргызстандын укук коргоо органдарынын өтүнүчү менен Интерпол аны Дубайда бир аз убакытка кармап, кийин күрөөгө бошотулган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...