KELECHEK
rek

Президент Жээнбеков Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун долбоордук блогунун аткаруучу директору Широковду кабыл алды

Президент Жээнбеков Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун долбоордук блогунун аткаруучу директору Широковду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-февралда Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун (ЕТӨФ) долбоордук блогунун аткаруучу директору Андрей Широковду кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы өлкөнүн эң маанилүү долбоорлорун ишке ашыруудагы ЕТӨФтүн колдоосуна ыраазычылык билдирди.

«Кыргыз Республикасынын жана Евразия өнүктүрүү банкынын биргелешкен жумушунун оң тажрыйбасын белгилеп кетүү керек. Бүгүн дагы мындан аркы жемиштүү кызматташуу боюнча пландарды белгилейбиз деп ишенем», — деп кошумчалады Сооронбай Жээнбеков.

ЕТӨФ долбоордук блогунун аткаруучу директору Андрей Широков Сооронбай Жээнбековго жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, фонд бир нече жылдан бери Кыргызстанда айыл чарбасы, транспорт жана энергетика тармагында долбоорлорду ишке ашырып иштеп жатканын белгиледи.

«Евразия фонду каржылаган долбоорлор өлкөнүн артыкчылыктуу улуттук долбоорлорунун тизмесине кирет. Жакын арада биз саламаттыкты сактоо тармагында долбоорду каржылай баштайбыз — бул мобилдик оорукана. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ишке ашып жаткан долбоорлордун портфели 500 млн долларга жакындап калды», — деп айтты Андрей Широков.

Мындан тышкары, Президент Сооронбай Жээнбеков жана ЕТӨФ  долбоордук блогунун аткаруучу директору Андрей Широков бир катар финансылык, инвестициялык насыялар, гранттар маселелери, «Таза суу» долбоорун ишке ашыруу боюнча пикир алмашышты.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12