KELECHEK
rek

Президент Жээнбеков Россиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Крутькону «Даңк» медалы менен сыйлады

Президент Жээнбеков Россиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Крутькону «Даңк» медалы менен сыйлады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-февралда Россия Федерациясынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Андрей Крутькону өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын жыйынтыкталганына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Ал Андрей Крутького кыргыз-россиялык мамилелердин өнүгүшүнө, Кыргызстандагы социалдык-экономикалык, билим берүү, аскердик-техникалык тармактарда бир катар маанилүү долбоорлорду жылдырууда кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан жана Россиянын ортосундагы кызматташтыкты бекемдегенге кыйла салым кошкону үчүн ыраазычылык билдирди.

«Сиздин Кыргызстанда иштеген мезгилде кыргыз-россиялык мамилелер кызматташтыктын жаңы деңгээлине чыкты. Сиз — биздин өлкөнүн жакын досу жана сыйлуу коногусуз», — деп белгиледи  Сооронбай Жээнбеков жана мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.

Элчи Андрей Крутько мамлекеттик сыйлык жана жылуу сөздөр үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердигиндеги жылдар абдан жемиштүү болгонун белгиледи.

«Бул жакта жумуш ар дайым кайнап турду. Бир катар маанилүү маселелерди, анын ичинде Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү боюнча маселени чече алдык. Сиз менен биргеликте Россия-Кыргыз  өнүктүрүү фондунун ишмердигин оптимизацияладык, бардык багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүнү камсыздадык. Кыргызстандык мигранттардын Россияда жүрүшүнүн шарттарын жакшыртууга абдан көп иш жасалды — эми алар эмгек мигранттары эмес, ЕАЭБдин толук укуктуу жумушчулары», — деп айтты. Андрей Крутько жана Россиядагы кыргызстандыктарды медициналык тейлөө жана социалдык камсыздоо системасына кошуу боюнча мындан аркы маселелер алдыдагы өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында талкууланарын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Элчи Андрей Крутько ошондой эле Россиянын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турчу мамлекеттик визитине карата маселелер боюнча пикир алмашышты.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12