KELECHEK
rek

Атамбаевди сотко берген жарандын арызы артка кайтарылды

Атамбаевди сотко берген жарандын арызы артка кайтарылды

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди жана Мамкаттоонун мурдагы төрагасы Тайырбек Сарпашевди сотко берген жарандын арызы артка кайтарылды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотуна Айдар Халиков аттуу жаран 2019-жылдын 19-февралында колго жазылган арыз менен кайрылган. Анда ал көчүп келгендигине байланыштуу паспорттон "улуту" графасын алып салгандыгын мыйзамсыз деп табууну өтүнүп, ал үчүн экс-президент Атамбаевди жана мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Тайырбек Сарпашевди сотко берип, моралдык зыянды 6 млн. сомго баалап, өндүрүп берүүнү сураган.

Аламүдүн райондук соту аталган арыз талаптарга ылайык келбей турганын, арызды жазууда анын формасы жана мазмуну сакталбаганын, арызга тийиштүү документтер, доогердин паспортунун көчүрмөсү, ырастоочу далилдер тиркелбегенин билдирген.

Буга байланыштуу сот арызды кайтарып, аталган жагдайлар жоюлгандан кийин кайра кабыл аларын билдирди.

Кыргызстанда 2017-жылдын 1-майынан тартып бериле баштаган жаңы паспортто жарандын улуту тууралуу маалымат документтин баарына көрүнүп туруучу сырт жагына эмес, ичине тиркелүүчү чипке жазыла баштаган.

"Улут" деген графа чипке жарандын каалоосу боюнча гана толтурулат. Эгер аны жаздыргысы келбесе, бош бойдон калат. Мурдагы паспортто да улуту жарандын каалоосу боюнча гана көрсөтүлчү.

2017-жылдын 1-майынан баштап Кыргызстан электрондук паспортко өткөн. Анда жаран тууралуу 19 маалымат камтылат. Сыртына аты-жөнү, туулган жылы жана күнү, паспорттун жарактуу мөөнөтү деген сыяктуу жалпы маалыматтар чыгарылып, калганы ички чипке камтылган.

Улут графасын паспорттун көрүүнө жеринен алып салууга каршы чыккан бир катар жарандар жана коомдук уюмдар "Улутуңду унутпа!" кыймылына биригип, өкмөттүн бул чечимине каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Алар сөз болуп жаткан чечимге каршы Конституциялык сотко кайрылып, бирок алардын арызы кабыл алынган эмес.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53