The Washington Post: Мургабда Кытайдын жашыруун аскердик базасы жайгашкан
Мургаб
Тажикстандын Кытай менен чектеш Мургаб районунда үч жылдан бери Кытайдын жашыруун аскердик базасы бар. Бул тууралуу The Washington Post гезити билдирди.
Тажикстан аймагында Кытайдын аскердик базасы жайгашканын Душанбе менен Бээжин тастыктаган жок. Кытайдын көзөмөл өткөрмө бекети Мургаб районунун аймагындагы ооган өткөрмө бекетинен алыс эмес жерде жайгашкан. Макаланын автору Гарри Ших Кытайдын “чакан аскердик базасын” тажик-ооган чек арасына иш сапар менен барганда көргөн.
Гарри Шихтин ырасташынча, Мургабдагы базардан ал кытай аскер кызматкерлерин кездештирген. Алардын бири The Washington Post гезитинин журналисти менен сүйлөшүп, үч-төрт жылдан бери Тажикстандын аймагында жүрүшкөнүн айткан.
Америкалык журналист көзөмөл өткөрмө бекеттин кире беришинде Кытайдын жана Тажикстандын мамлекеттик символдору көрүнүп турарын, бирок имарат кимге таандык экени белгисиз экенин жазган. The Washington Post спутниктен тартылган сүрөттөрдү жарыялаган, анда анча чоң эмес имарат, казарма жана окуу аянты көрүнүп турат.
Аскердик база жайгашкан жер стратегиялык жактан маанилүү. Ал жакта Тажикстан, Кытай жана Ооганстандын чек аралары чектешет. Ооганстанга тиешелүү жагы дээрлик кайтарылбайт жана экстремисттердин нары-бери өтүшүнө оңтойлуу.
Мургаб жашоочуларынын айтымында, бул жерде ондогон, балким жүздөгөн кытай аскерлери кызмат өтөшөт. Алар жергиликтүү базардан топоздун этин сатып алып турушат.
The Washington Post Кытайдын аскердик мекемеси жана Тышкы иштер министрлиги бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартканын жазды. Тажикстан ТИМи болсо өлкө аймагында Кытайдын аскердик базасы бар экени тууралуу маалыматты четке какты.
Былтыр жайында Кытай Ооганстандын Бадахшан провинциясында алгачкы аскердик-машыктыруучу база кура баштаган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди
АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-07-05 23:23
Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди
Расмий Берлиндин пикиринде, азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:18
Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды
Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:25
Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...
Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 21:37
Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал
Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:23
Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды
Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:47
National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат
National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 16:04