Стамбулда теракт жасоого шектелген Машарипов айыптоолорду четке кагууда
Стамбулдагы түнкү клубга кол салууга айыпталган Өзбекстан жараны Абдулкадыр Машарипов кылмышка тиешеси бар экенин четке кагууда.
Hurriyet гезити маалымдагандай, 18-февралда өткөн сот отурумунда Машарипов: "Мен бул кылмышты жасаган жокмун. Ал түнү колуна Калашников автоматын кармаган адам мен эмес болчумун" деген.
Өзбекстан жараны Абдулкадыр Машариповго каршы сот иши 2017-жылы декабрда Стамбулдагы Силиври түрмөсүндө башталган.
Машарипов теракттан 17 күн өткөн соң, Reina түнкү клубуна кол салууга шектүү киши катары кармалган.
Прокурорлор Абдулкадыр Машариповду 40 жолу өмүр бою эркинен ажыратууну сурашкан. Машариповдон тышкары түнкү клубга кол салууга тиешеси бар катары 57 киши айыпталып жатат. Алардын арасында Машариповдун жубайы Зарина Нуруллаева да бар.
2017-жылы 1-январда Түркиянын Стамбул шаарындагы "Рейна" түнкү клубундагы кол салууда 39 киши өлүп, 70ке чукулу жарадар болгон. Теракт үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” өз мойнуна алган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05