Асылбек Жээнбеков ЖЭБ боюнча сотко чакырылышы мүмкүн
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоого байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча сотко парламенттин депутаты Асылбек Жээнбековду сурак берүүгө чакыруу тууралуу өтүнүч келтирет. Бул тууралуу ал өзү «Азаттыкка» билдирди.
«Келишимди парламент ратификациялап, мыйзамды парламент кабыл алган. «Ратификация туура эмес болгон» дешсе - анда депутаттарды, Асылбек Жээнбековду суракка алыш керек. Мен кандай болбосун, аларды сотко чакырам. Депутаттарды жоопко тартыш керек деп бул маселе боюнча прокуратурага расмий түрдө кайрылдым», — деди Токтакунов.
18-февралда Свердлов райондук сотунда ЖЭБди модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу айыпталгандардын иши боюнча соттук угуу башталган. Жыйын жабык өтүп, залга жактоочулардан башка эч ким киргизилген жок.
Асылбек Жээнбеков өткөн жумада бул маселедеги парламенттин жоопкерчилиги тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал депутаттар ал кезде өкмөттүн сөзүнө ишенип, колдоп бергенин айткан. Депутат бул маселеде Жогорку Кеңеш өзүнүн ишин кынтыксыз аткарганын белгилеп, элдин ишеничин ошол келишимди түзгөндөр актабаганын айткан.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









