KELECHEK
rek

Сооронбай Жээнбеков: Россиянын Президенти Владимир Путиндин визити кыргыз-россиялык союздаштыкты жана стратегиялык кызматташууну мындан да бийик деңгээлге көтөрөт

Сооронбай Жээнбеков: Россиянын Президенти Владимир Путиндин визити кыргыз-россиялык союздаштыкты жана стратегиялык кызматташууну мындан да бийик деңгээлге көтөрөт

«Россиянын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жакында боло турган мамлекеттик визити кыргыз-россиялык союздаштыкты жана стратегиялык кызматташууну мындан да бийик деңгээлге көтөрөт», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 20-февралда Баткен облусунун Кадамжай районунун Өтүкчү айылындагы жаңы чек ара комплексинин ачылышында.

Салтанатка катышып жаткан Россиянын өкүлдөрүнө кайрылып, Мамлекет башчысы Кыргызстан Россия тараптын  жардамын жогору баалаганын,   чек ара жаатында гана эмес, аскердик-техникалык кызматташтык, билим берүү, медицина жана миграция тармактарында дагы жардам берип жатканын белгилеп, ыраазычылык билдирди.

«Россиянын Президенти Владимир Путиндин эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө жана аймактык коопсуздукту камсыздоого кошкон жеке салымын белгилегим келет. Жакында Владимир Владимирович Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келет. Россиянын Президенти Владимир Путиндин визити кыргыз-россиялык союздаштыкты жана стратегиялык кызматташууну мындан да бийик деңгээлге көтөрөт», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

«Өтүкчү» чек ара заставасынын курулушу Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы стратегиялык Макулдашуунун алкагында бүткөрүлдү. Макулдашуунун алкагында, 2019-жылдын 15-январында, Россия тарап Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматына 125 жаңы автомобилдик техникаларды өткөрүп берген. Анын ичинде адамдарды жана жүктөрдү ташуучу өтүмдүүлүгү жогору автомобилдер, сүйрөгүч автомобилдер, экскаватор-жүктөөчүлөр, автокрандар, санитардык унаалар, атайын багыттагы унаалар, бургулоочу жабдыктар бар.

Мындан тышкары, чек ара бөлүктөрү үчүн 11 имарат жана жабдыктардын комплекси курулуп, ишке киргизилген, алардын көп бөлүгү 2018-жылы жана 2019-жылдын январь айында бүткөрүлдү.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12