Ашхабад полициясы аялдардын айдоочулук күбөлүгүн алып коюуда
“Азаттыктын” түркмөн кызматы маалымдагандай, Ашхабадда полиция аял айдоочуларды токтотуп, ыксыз шылтоолор менен айдоочулук күбөлүктөрүн алып коюуда.
Маалыматтарга караганда, 18- февралда айдоочу аялды токтоткон полиция кызматкерлери анын “жол аптечкасы” талапка жооп бербей турганын, ичинде анальгин жана димедрол жок экенин айтып, айдоочулук күбөлүгүн алып коюшкан.
“Азаттыктын” түркмөн кызматына анонимдүүлүк шарты менен маек берген полиция кызматкеринин билдиришинче, “жогору жактагылардын көрсөтмөсү менен протоколдук көчөлөрдө аялдардын автоунаа менен жүрүүсүнө тыюу салынган”.
“Түркмөнстан хроникасы” басылмасы кабарлагандай, 18-февралда айыппул төлөөчү жайга 90-120дай автоунаа жеткирилген. Жабырлануучулар полициянын аракети – аялдарды машине айдоодон баш тарттырууга багытталган деп эсептешүүдө.
Маалыматтарга караганда, буга чейин Ашхабадда укук коргоо органдарында иштеген аялдардын жеке автоунаа пайдаланышына тыюу салынган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53