KELECHEK
rek

МУЗАФАР ИСАКОВ СУУДАН КУРГАК ЧЫГАБЫ?

МУЗАФАР ИСАКОВ СУУДАН КУРГАК ЧЫГАБЫ?

Сузак районуна караштуу Таш-Булак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Музафар Исаков оңой эле жоопкерчиликтен кутулуп кетүүдө. Мунун себеби эмне болду экен? Өз менчигиндей кылып жергиликтүү тургундардын үлүш жерлерин турак-жай участогуна бөлүп сатканга ким уруксат берген эле?..

Жетекчи болуп туруп, мамлекеттин кызыкчылыгын ойлобой, өз кызыкчылыгы үчүн жүздөгөн гектар жерди сатып, дүнүйө топтогон адам күтүлбөгөн жерден  ЖКга депутат болуп  шайланып алганы эмнегедир күмөн жаратат. 

Жасаган кылмышы 100 пайыз аныкталган мурдагы бийликтин эрке баласына айланган Музафар Исаковко мыйзамдын  күчү жетпейби? Ар бир жаран үчүн мамлекет өзүнүн мыйзамдарын жазып койгон, бирок ошол мыйзам Музафар Исаковко келгенде эле иштебей калабы?

Ал депутаттык мандатын тогуз ай мурда тапшырса болмок эле го. Соттун бүтүшүнө эки күн калганда гана мандатын тапшырды. Кылмыш ишинен кийин, эки жылдай аралыкта мамлекеттен  айлык алып жашап келди. Неге башка саясатчыларга окшоп кылмышы аныкталаары менен камакка алынбады? Азыркы учурда дагы жер сатуу ишине аралашып Димитровка айылынын 49 жана 50 - контурларынан жер сатып жаткандыгы тууралуу маалыматтар бар. Таң кала турган жери – бул Музафар Исаков алдамчылыкта биринчи оорунду ээлегени болууда.

Учурда Жалал-Абад областтык соту МУЗАФАР ИСАКОВ боюнча кылмыш ишин кароону баштады, бирок жыйынтыгы кандай болоору белгисиз? Музафар Исаков суудан кургак чыга берсе анда кылмышкер ким болушу мүмкүн?

АЛТЫБАЕВА МАЙРАМКАН САЯКОВНА, УКУК КОРГООЧУ

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53