Алматыда кызына кордук көрсөткөн аял алты жылга соттолду
18-февралда Алматы соту кызына кордук көрсөтүп, алты жыл бою тышка чыгарбай үйүндө камаган Анна Ивановага карата өкүм чыгарды. Ал алты жылга эркинен ажыратылды.
Сот айыпталуучуну кыздын саламаттыгына олуттуу зыян келтирген, энелик милдетин аткарган эмес деп тапты.
Бул окуяны казакстандыктар биринчи жолу 2011-жылы Диана реанимацияга жатканда угушкан. Анда кызды чоң апасы таягы менен урганы айтылган. Мындан соң Диана менен чоң энесинин сүйлөшүүсүнө тыюу салынган, пенсионер Орусияга депортацияланган.
Бул окуядан кийин кыз окууга барбай калган. Жабырлануучу кийинчерээк апасынан кордук көргөнүн, төшөнчүсүз сыз жерде уктап жүргөнүн, үйдөн чыкпай камалганын билдирген. Сотто өспүрүм кыз апасы анын кулагын аттиш менен көзөгөнүн, тиштерин балка менен чаап сындырганын да ырастаган.
Анна күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, кызын кыжырына тийген учурда гана жазалаганын айткан.
Диана учурда апасынын курбусунун үйүндө жашайт. Кийинчерээк ага расмий түрдө камкорчу дайындалат.
Сот Алматыдагы опека органдарынын жана балдар полициясынын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча дагы жеке токтом чыгарды. Токтомдо кыз мектепке токмок жеп, көгала болуп келип жүргөнү, бирок тиешелүү чара кабыл алынбаганы айтылган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53