The Sunday Times: Сергей Скрипалдын саламаттыгы начарлады
Британ адистери Сергей Скрипалдын Солсберидеги үйүнүн жанында. Март, 2018-жыл
Орусиянын мурдагы Башкы чалгын башкармалыгынын (ГРУ) полковниги жана британ тыңчысы Сергей Скрипалдын саламаттыгы начарлап, дарыгерлер ага жардам көрсөтүп жатышат. Бул тууралуу 17-февралда The Sunday Times британ басылмасы өлкөнүн атайын кызматтарындагы өз булактарына таянып жазды.
Дарыгерлердин айтымдарында, Скрипалдар ууландырылган нервди шал кылуучу «Новичок» заты организмден чыгарылгандан кийин да адамга таасир эте бериши мүмкүн.
Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлия 2018-жылы мартта ууландырылган. Британ тергөөчүлөрү билдиргендей, Британияга жасалма документтер менен кирген орусиялык эки чалгын кызматкери Скрипалдын үйүндөгү эшиктин туткасына уу коюп кетишкен.
17-февралда белгисиз адамдар Британиянын Солсбери шаарчасындагы чиркөөгө Орусиянын желегин илип кетишкен. Кийин британ бийлиги тарабынан Скрипалдарга кол салган деп айыпталган ГРУнун офицерлери Анатолий Чепига менен Александр Мишкин RT телеканалына интервью берип, Солсбериге шаардык чиркөөнү көрүүгө барышканын айтышкан.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди
АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-07-05 23:23
Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди
Расмий Берлиндин пикиринде, азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:18
Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды
Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:25
Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...
Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 21:37
Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал
Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:23
Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды
Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:47
National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат
National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 16:04