KELECHEK
rek

Жалал-Абад шаарынын бюджети кабыл алынды

Жалал-Абад шаарынын бюджети кабыл алынды

Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында Жалал-Абад шаарынын 2019-жылга бюджети жана 2020-2023-жылдарга божомолу жөнүндөгү маселе талкууланып, сессияга катышкан депутаттар бир топ кызуу талаш-тартыштардан кийин алымча-кошумчалары менен аны бир добуштан колдоп беришти. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Алынган маалыматка караганда, шаардын быйылкы жылдагы бюджети 474 миллион 675,6 миң сом кирешелери, анын ичинде 79 миллион 67,2 миң сом атайын төлөмдөрдөн түшүүчү кирешелери менен, 474 миллион 675,6 миң сом чыгашалары, анын ичинен 79 миллион 67,2 миң сом атайын төлөм боюнча чыгашалары менен бекитип беришти.

Андан тышкары, 3 миллион сом өлчөмүндө жергиликтүү бюджеттин резервдик фонду түзүлүп, республикалык бюджеттен бөлүнүүчү түрткү берүүчү гранттарды алуу үчүн 12 долбоорго 9 миллион 300 миң сом берилмей болду. Анын баары негизинен билим берүү тармагына жумшалмакчы. Ошондой эле ар бир мекеме-ишкананын жылдык чыгымдары боюнча бюджеттик каражаттар толугу менен бекитилип берилди.

Депутаттар 1-9- класстардын окуучуларын шаардык муниципалдык автобазанын автобустары акысыз ташуусу тууралуу сунуш киргизишип, ал толук колдоо тапты. Ошондой эле балдар бакчаларына, мектептерге балдарды кабыл алууну электрондук тартипте жүргүзүү шаардык билим берүү бөлүмүнө милдеттендирилди.

Депутаттар аткаруу бийлигинен бюджеттик каражаттарды үнөмдүү жана сарамжал пайдаланууну талап кылышты. Мисалы катары, Ленин көчөсүнө коюлган гүл клумбалары айтылды, анткени ага бюджеттик каражаттар корогон, бирок ылайыксыз делинип, кийин алып салынган.

Жергиликтүү бюджеттин резервдик фонду түзүлүп, республикалык бюджеттен бөлүнүүчү түрткү берүүчү гранттарды алуу үчүн 12 долбоорго 9 миллион 300 миң сом берилмей болду. Анын баары негизинен билим берүү тармагына жумшалмакчы. Ошондой эле ар бир мекеме-ишкананын жылдык чыгымдары боюнча бюджеттик каражаттар толугу менен бекитилип берилди.

Депутаттар жер асты өтмөгүн куруудан келип чыккан айрым кемчиликтерге токтолушуп, кыйла талаш-тартыштар жүз берди. Ошондой эле быйылкы пландалып жаткан иштерди толугу менен ишке ашыруу талабы айтылды. Анткени өткөн жылдагы пландалган иштердин 67 миллион сомдук көлөмү бүтпөй быйылкы жылга өткөнүн бетке кармашты.

Кандай болгондо да, шаар бюджети быйыл шаардык кеңештин депутаттарынын аракети менен эрте кабыл алынып, жаз алды менен жалпы иштерди да эрте баштоого жол ачылды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38