KELECHEK
rek

Конгресс АКШнын түштүк чек арасындагы коопсуздук боюнча макулдашууга жетти

Конгресс АКШнын түштүк чек арасындагы коопсуздук боюнча макулдашууга жетти

АКШ Конгрессинин имараты

АКШ Конгрессиндеги демократтар менен республикачылар өлкөнүн түштүк чек арасындагы коопсуздук маселеси боюнча болжолдуу макулдашууга жетишти.

Сенаттагы республикачы Ричард Шелбинин билдиришинче, конгрессмендер дүйшөмбү кечке чейин созулган жабык жыйында «принципиалдуу макулдашууга» жетише алышты. Ал андагы айрым деталдар дале болсо талкууланып жатканын айтып, макулдашуунун мазмуну боюнча кеңири маалымат берген жок.

​Азырынча шейшембиде Техаста тарапташтары менен жолуга турган президент Дональд Трамптын бул макулдашууну колдоор-колдобосу белгисиз.

Макулдашуунун долбоорунда Мексика менен чек арага дубал тургузуу үчүн 1,375 миллиард доллар каралууда. Бирок Трамп дубал үчүн 5,7 миллиард доллар сурап жатат. Эгер тараптар ушул жуманын аягына чейин макулдашууга келбесе, анда АКШ өкмөтү кайрадан өз ишин жарым-жартылай токтотушу мүмкүн.

25-январда президент Дональд Трамп өткөн жылдын аягында башталып, дээрлик 35 күнгө созулган «шатдаундан» кийин өкмөттүн иши калыбына келгенин жарыялаган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52