АКШнын мамлекеттик карызы алгачкы жолу 22 триллион доллардан ашты
АКШнын Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөнүн мамлекеттик карызынын көлөмү тарыхта биринчи жолу 22 триллион доллардан ашты. Дональд Трамп президент болгондон кийин мамлекеттик карыз 2 триллион долларга көбөйгөн.
Мамлекеттик карыздын көбөйүшү 2017-жылы декабрда Трамптын демилгеси менен ишке ашырылган салык реформасынан кийин тездеген. Жыйынтыгында федералдык бюджетке бир жарым триллион доллар түшпөй калган. Мындан тышкары карыздын көлөмүнө аскердик жана ички керектөөлөр үчүн чыгымдардын көбөйтүлүшү дагы таасир эткен.
Мамлекеттик карыз — бул федералдык бюджеттин бир жылдык таңкыстыгы болуп эсептелет. Конгресстин бюджет башкармалыгынын божомолуна ылайык, 2019-жылы таңкыстык 897 миллион долларды түзөт. Бул былтыркыга салыштырганда 15 пайызга көп. Мындан тышкары мекеме таңкыстык көлөмү жыл сайын көбөйүп, 2022-жылга чейин 1 триллион долларга жетиши мүмкүн деп божомолдоодо. Таңкыстыктын өсүү темпине социалдык жөлөкпулдар менен 65 жаштан ашкан жарандар үчүн медициналык камсыздандыруу системасына жумшалып жаткан чыгымдын көбөйүп жатышы дагы себеп болууда.
Ак үйдөн жаңы салык реформасы өзүн актай турганын, анткени ал экономиканын өсүшүн тездетиши керектигин белгилеп жатышат. Анткен менен экономисттердин көбү бул пикир менен макул эмес.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52