Астанада бир үй-бүлөнүн төрт баласы иске ууланып, ооруканага жаткырылды
9-февраль кечинде Астананын Ойыл көчөсүндөгү эки кабаттуу жатаканада өрт чыгып, жыйынтыгында бир үй-бүлөнүн 2006чы, 2009чу, 2012чи жана 2013-жылы туулган балдары иске ууланды. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар комитети билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, жатаканадагы бөлмөлөрдүн бириндеги кийим-кече жана эмеректер өрттөнүп кеткен. Өрт өчүрүүчүлөр имараттан 11 кишини, анын ичине бир баланы сыртка чыгарышкан.
«Истүү газга ууланып бир үй-бүлөнүн төрт баласы ооруканага жаткырылды. Өрттү өчүрүүгө жеке курамдын 15 кызматкери жана 4 өрт өчүрүү унаасы катышты», — деп билдиришти комитеттин басма сөз кызматынан.
Болжолдуу маалыматтар боюнча өрт электр зымдарынын бири-бирине тийишүүсүнөн улам келип чыккан.
Жума күнү Астанадагы көп балалуу үй-бүлөлөрдүн үйлөрүнө истүү газ тууралуу кабар берүүчү атайын жабдуулар орнотула баштаган. Мындай рейддер Казакстандын башка аймактарында дагы жүргүзүлүүдө.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды
Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...
ДЕН СООЛУК 2016-09-20 08:36
Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт
Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...
ДЕН СООЛУК 2016-05-04 16:35
Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...
Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...
ДЕН СООЛУК 2016-05-13 05:53
Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда
Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:06
Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды
Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:24
Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан
Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 02:22
Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда Улуттук онкология...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 03:38