РИА Новости: Кыргызстан кайрадан Орусияны Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтерди курууга чакырды
Кыргызстан кайрадан Орусияны Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтерди куруу долбоорун ишке ашырууга чакырды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Орусиянын Энергетика министрлигине шилтеме кылып жазды.
Басылма учурда бул сунуш «бийлик жана кызыктар компаниялар тарабынан каралып жатканын белгиледи. «Азырынча долбоорду ишке ашыруу боюнча кызматташууну калыбына келтирүүнүн шарттары кыргыз тарап менен талкуулана элек», — деп жазды агенттик.
Кыргызстан Орусия менен Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарындагы ГЭСтер каскадын куруу боюнча келишимге 2012-жылы кол койгон. Бул үчүн «Жогорку Нарын ГЭСтери» деген биргелешкен ишкана түзүлгөн. Анда алгачкы гидроагрегат 2016-жылы ишке кирери маалымдалган.
Бирок 2016-жылы августта Кыргызстан келишимди бир тараптуу токтоткон. Буга жооп кылып долбоорду ишке ашыруу милдетин алган орусиялык «РусГидро» компаниясы курулушту пландоого 37 млн. доллар сарпталган деп, кыргыз тараптан аны төлөп берүүнү талап кылган. Кыргызстан болсо бул суммадан күмөн санап, эл аралык аудит өткөрүлүшү керектигин билдирип келет.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38