KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков ШКУнун Башкы катчысы Владимир Норовду кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков ШКУнун Башкы катчысы Владимир Норовду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-февралда, Шанхай кызматташуу уюмунун Башкы катчысы Владимир Норовду кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы Владимир Норовду ШКУнун Башкы катчысынын кызматына дайындалышы менен куттуктап, анын жооптуу ишмердигине ийгиликтерди каалады.
Президент 18 жылдык ишмердигинде Уюм абройлуу эл аралык уюмдардын арасында татыктуу орунга ээ болгонун, коопсуздук жана мамлекеттер аралык мамилелердин туруктуу өнүгүүсүн камсыздоонун маанилүү фактору болуп калганын белгиледи.
Ал белгилегендей, кыргыз тарап ШКУ төрагалыгы алкагында активдүү иш аткарууда, сүйлөшүүлөр жүрдү, көптөгөн тиешелүү структуралар менен маселелер талкууланды.
«Бишкекте 2019-жылдын июнь айында өтө турчу ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын Саммитине чейин биз бардык тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп, кадырлуу меймандарды күтүүгө даярданабыз. Бүгүнкү күндө ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын отурумунда кол коюуга пландалган жыйынтыктоочу документтер иштелип жатат. ШКУга мүчө мамлекеттердин элдеринин өнүгүүсү үчүн бирдиктүү аракеттер жыйындын негизги бөлүгүн сапаттуу толтуруп, чоң ийгиликтерге жетишебиз жана бул иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрөбүз деп ишенем», - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
ШКУнун Башкы катчысы Владимир Норов анын Башкы катчы катары биринчи сапары бул жылы ШКУда төрагалык кылган Кыргызстанга болуп жатканын символикалуу деп белгиледи.
«Кызматка киришкенден берки башкы артыкчылыктуу багыт катары мен өзүм үчүн ШКУнун Саммитин жана анын алкагындагы тиешелүү иш-чараларды эң жогорку деңгээлде өткөрүүнү аныктадым. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы, жаштар кеңешинин жетекчиси жана ШКУнун ишкердик кеңеши менен жемиштүү жолугушуулар өттү. Бул жолугушууларда биз Саммитке чейин чечиле турчу маселелердин бардыгын кеңири талкууладык. Баарынан мурда – бул даярдала турган документтердин пакети», - деп белгиледи Владимир Норов. 
Президент Сооронбай Жээнбеков жана Владимир Норов саясат, коопсуздук, маданий жана гуманитардык байланыштар жаатындагы кызматташуу менен катар ШКУнун алкагында экономикалык потенциалды активдештирүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12