"Коопсуз шаардын" камералары жолдогу жети мыйзам бузууну каттайт
Маалыматтык технология жана байланыш комитети “Коопсуз шаар” долбоору 12-февралдан тарта ишке ашарын жарыялады. Камералар жолдогу жети мыйзам бузуу учурун каттайт:
- Жол чырактын тыюу салган белгисинен өтүп кетүү
- Каршы тилкеге өтүп кетүү
- Автоунааны тротуар, газон, велосипед жолу менен айдап өтүү
- Жол чырактын тыюу салган белгисине карабай, стоп-линияны кесип өтүү
- Жөө жүргүнчүлөрдү өткөрбөй коюу
- Белгиленген ылдамдыктан ашып кетүү
- Аялдама жана унаа токтотуу жайлары жөнүндөгү талаптарды аткарбай коюу.
Тартип бузуулар программалык комплекстердин жардамы менен жөнгө салынып, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын мониторинг борборунда иштелип чыгат.
2019-жылдын 12-февралынан тарта “Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи фазасы тесттик түрдө иштеп баштайт. Анын алкагында Бишкектеги 10 көчөнүн кесилишине камералар, 17 туруктуу чек жана 20 көчмө аппараттык-программалык комплекс орнотулат. Мындан тышкары жол белгилерин жаңылоо иштери да жүрүүдө.
Долбоор төрт фазадан турат. Өкмөттүн маалыматына караганда, долбоордун сынактагы баасы 2,5 млрд. сом менен башталган, уткан компания аны 2 млрд. 320 миллион сомго ишке ашырууга макул болгон.
Бул каражатты "Вега" компаниясы чыгарып, кийинки беш жыл ичинде ар бир жол эрежесин бузууга төлөнгөн айыппулдан орточо 210 сомду алып турат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









