Лавров: «Тажикстан мигранттар үчүн каралган жеңилдиктерди болушунча пайдаланып жатат»
Сергей Лавров
ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдүн ичинен Тажикстан Орусиядагы мигранттар үчүн каралган жеңилдиктерди болушунча пайдаланып жатат. Бул тууралуу 5-февралда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Орус-тажик славян университетиндеги маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, тажик жарандары Орусияда каттоосуз 7 эмес, 15 күнгө чейин жүрө алышат. «Патент үч жылдык мөөнөткө берилет. Бул дагы жакшы жеңилдик. Албетте патенттер тез берилип, баасы арзаныраак болсо дейбиз, бирок мунун баарын сүйлөшүү аркылуу чечсе болот», — деди Лавров.
Орусияда чет өлкөлүк жарандардын ишмердүүлүгү үчүн патент киргизилгенден кийин өлкөнүн ар кайсыл аймагына ар башка тарифтер белгиленген. Алсак, Москвада патенттин бир айлык баасы 5 миң рубль, Москва облусунда 4750, Санкт-Петербургда 3800 рублди түзөт. Патенттин эң кымбаты Саха-Якутия республикасында. Анда анын баасы 9330 рублге чейин жетет.
Мындан тышкары орус ТИМ башчысы эмгек мигранттарынын укуктарын кепилдеген макулдашууларга кол коюунун маанилүүлүгүн белгиледи. «Биз эмгек мигранттарынын пенсиялары жана мигранттарды Орусиянын аймагына кире электе эле Тажикстандын аймагында тандап алууну уюштуруу тууралуу макулдашууга кол коюшубуз керек. Мындан тышкары Тажикстанды Орусиянын мыйзамдарын бузган жарандарын кайра кабыл алууга милдеттендирген реадмиссия тууралуу макулдашууга кол коюлушу зарыл. Биз ЕБ менен мындай келишимге кол койгонбуз, андан коркуунун кереги жок», — деп кошумчалады ал.
Лавров жогоруда белгиленген документтер топтому бул тармак толугу менен көмүскөдөн чыгып, мигранттар үчүн жакшы шарттардын түзүлүшү үчүн зарыл экенин белгиледи.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









