KELECHEK
rek

Орусия Федерация Кеңешинин мүчөсү эки адам өлтүрүүгө айыпталууда

Орусия Федерация Кеңешинин мүчөсү эки адам өлтүрүүгө айыпталууда

Орусиянын Тергөө комитети парламенттин жогорку палатасынын өкүлү Рауф Арашуковго Кылмыш кодексинин үч беренеси боюнча айып такты. Аткаминер 30-январь күнү эртең менен кармалган. Ал эки киши өлтүрүү, кылмыштуу топ түзүү жана күбөгө кысым көрсөтүүгө айыпталууда.

Федерация Кеңешиндеги Карачай-Черкес жумуриятынын өкүлү Рауф Арашуков парламенттин жабык жыйыны өтүп жатканда кармалган. Жыйынга Орусиянын башкы прокурору Юрий Чайка жана Тергөө комитетинин жетекчиси Александр Бастрыкин катышкан.

Ушул эле күнү Рауф Арашуковдун атасы Раул Арашуков кармалган. Ага кылмыштуу топ түзүү жана ири суммада каражат кымыруу айыбы тагылган. Тергөө комитети билдиргендей, Раул Арашуков "Газпром" компаниясынын жаратылыш газын уурдаганга тиешеси болушу мүмкүн. Жалпы чыгым 30 миллиард рубль деп эсептелген.

2018-жылы "черкестердин "Адыге-Хасе" кыймылынын лидерин өлтүрдү" деп айыпталган Аслан Жуков кылмыш кылууга Рауф Арашуков буйрук бергенин айткан. Окуя 2010-жылы болгон.

Жергиликтүү укук коргоочулардын айтымында, Арашуковдун “жогору жактагы байланыштары күчтүү болгондуктан” бул иштерди иликтөө создуктурулуп келген. Кылмыш материалдары федералдык деңгээлге чыкканда гана сенаторго айып тагууга мүмкүн болгон.

"Бирдиктүү Орусия" Арашуков партия мүчөлүгүнөн чыгарылганын билдирди. Ал кармалгандан кийин жетиштүү деңгээлде орус тилин билбей турганын айтып, котормочу талап кылды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...