Жалал-Абаддагы диспансерге чакалай, кычыткы оорулары менен көп кайрылышат
Жалал-Абад шаарынын Тайгараев аймактык башкармалыгында облустук клиникалык ооруканасынын тери, жыныстык оорулар бөлүмү 1990-жылдан бери иштеп келе жатат. Мурда 200 койкалуу диспансер болгон болсо, азыркы учурда 25 койкалуу оорукана элге медициналык кызмат көрсөтүп келүүдө. Бул тууралуу маалыматты аталган бөлүмдүн башчысы Жоомарт Закиров билдирди.
Анын айтымында, мурда бул бөлүм чоң оорукана болгон болсо, КР Саламаттыкты сактоо министрлиги реформлоо менен кыскартып олтуруп, азыркыдай 25 орундуу бөлүм болуп калды. Бул жерде жалпы 28 кызматкер эмгектенет. Анын ичинен бешөө дарыгер, төртөө жогорку даражадагы медайым, он бири кенже кызматкерлер, төртөө кароол кызматында иштешет.
- Бизге көбүнчө жаш балдар келип жатышат. Алар чакалай, кычыткы оорулары менен көп кайрылышат. Өспүрүмдөр жазда жана күздө бизге көп келишет. Анткени, алар чалдыккан оорулар мал жандыктарынан жугат. Күздө малдар жайлоодон келишет, малга жакын балдарга оору жугуп калышы толук мүмкүн. Ал эми улуу муундагылар болсо псариаз, экзема, буттун грибок оорулары менен келип жатышат. Мурда чакалай оорусуна чалдыккандар 45 күн дарыланган болсо, азыр алар 15 күндө эле толук айыгып чыга алышат. Ал эми кычыткы, псариаз жана башка оору менен жаткандар бир жуманын ичинде дарыланып чыгышат,- деди Ж.Закиров.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды
Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...
ДЕН СООЛУК 2016-09-20 08:36
Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт
Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...
ДЕН СООЛУК 2016-05-04 16:35
Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...
Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...
ДЕН СООЛУК 2016-05-13 05:53
Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда
Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:06
Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды
Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:24
Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан
Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 02:22
Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда Улуттук онкология...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 03:38