KELECHEK
rek

Кытайлык казактар Орусия менен АКШдан жардам сурашты

Кытайлык казактар Орусия менен АКШдан жардам сурашты

28-январда Алматыда Кытайдын Баркөл-Казак автоном облусунан келген этникалык казактар Шинжаңдагы "саясий тарбиялоочу лагерлерде" кармалып жаткан туугандарына жардам берүүнү суранып, маалымат жыйынын өткөрүштү.

"Ата журт ыктыярчылары" деп аталган коомдук уюмдун кеңсесинде өткөн жыйындын катышуучулары АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусиянын лидери Владимир Путинге орус жана англис тилдеринде сүйлөп, жардам берүүнү суранып кайрылышты.

Жыйынга отузга чукул адам катышты. Алардын айрымдары туугандары "саясий тарбиялоочу лагерлерде" экенин айтышса, башкалары жакындары үй камакта экенин, кээ бирөөлөрү соттолуп кеткенин билдиришти.

Кытайдын Шинжаң аймагынын бийлиги жүз миңдеген адамды атайын лагерлерге мажбурлап жибергени тууралуу маалыматтар 2016-жылдан бери айтылып жүрөт. Бээжин “окутуп-тарбиялоочу борбор" деп атаган жайларда бир миллиондон ашуун киши отурганын Бириккен Улуттар Уюму да өз булактарына таянып билдирген.

9-январда Астана Бээжин эки миңден ашуун казак улутундагыларга кытай жарандыгын тапшырып, өлкөдөн чыгып кетүүгө уруксат бергенин билдирген.

Кытай бийлиги Шинжаң элинин укугу бузулуп жатканы тууралуу дооматтарды четке кагып, саясий лагерлерди кадыресе билим берүүчү борборлор катары мүнөздөп келет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...