KELECHEK
rek

Астананы кайрылмандарга жарандык берүү жоболорун жеңилдетүүгө үндөшүүдө

Астананы кайрылмандарга жарандык берүү жоболорун жеңилдетүүгө үндөшүүдө

Кытайдын Шинжаң аймагынан келген бир нече миң казак кайрылмандары ар кыл себептерден улам жарандык ала албай келишет. Бул тууралуу “Ел-аманат” коомдук бирикмесинин жетекчиси Рысбек Токтасын билдирди.

Бирикме “кайрылман күбөлүгүнүн” мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жарандык ала албай жүргөн 3200 кишинин тизмесин түзгөн.

“Убагында кайрылмандардан Кытайда соттолбогондугу тууралуу маалымкат талап кылышкан. Мындай маалымкатты алуу кыйын. Паспортунун мөөнөтү өтүп кеткен кайрылмандар Кытайга кирип чыгуу учурунда кармалып калуу коркунучуна кептелген учурлар катталган. Көптөгөн кишилер бул өлкө бийлигинин чакыруусу менен Кытайга кетүүгө аргасыз болгон. Ал жакта алардын “кайрылман күбөлүгүнүн” мөөнөтү өтүп кеткен”, – деди Рысбек Токтасын.

Кытайдан келген кайрылмандар казак жарандыгын берүү жоболорун жеңилдетүүнү сурашууда. Казакстандын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция комитетинде “кайрылман күбөлүгүнүн” мөөнөтү өтүп кеткен канча этникалык казак бар экени тууралуу маалымат жок.

Казакстанда кайрылман макамы жана күбөлүгү бир жылдык мөөнөт менен берилет. Былтыр бул мөөнөттү дагы үч айга узартуу чечими кабыл алынган.

Бул арада Кытайда жарандыктан жана өлкөдөн чыгуу эрежелерин бузган казактарды кармоо жараяны токтой элек.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53