KELECHEK
rek

Бразилия олимпиадасына жолдомо алган 5 спортчу Жалал-Абад шаарында машыгуудан өтүштү

Бразилия олимпиадасына жолдомо алган 5 спортчу Жалал-Абад шаарында машыгуудан өтүштү

Бразилияда өтө турган олимпиадага жолдомо алган беш спортчу улан-кыздар жана алардын эки машыктыруучусу Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда шаардагы жаш спортсмендер менен биргеликте 10 күндүк машыгуудан өтүштү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, алар Жалал-Абад шаардында олимпиадага даярдык көрүү зборун өткөрүштү. Мында Бразилия олимпиадасына жолдомо алган спортсмендер жана алардын машыктыруучусу менен шаардагы дене-тарбия, спорт бөлүмүнүн башчысы Бакиров Адылбек, №1 спорт мектебинин директору Акимбаев Алишер жана Жалал-Абад ОИИБнын  дене-тарбия жана күжүрмөн даярдоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жолугушуп, пикир алышып, аларга ийгилик каалашты.

Кыргыз Республикасынын курама командасынын жеңил атлетика боюнча улуу машыктыруучусу Виктор Борисов жана КР эмгек сиңирген спорт чебери Татяна Борисова Бразилия олимпиадасына катыша турган улан-кыздарды алып барышат.

Алар төмөкүлөр:

1.Полюдина Виктория Кыргыстандын спорт чебери, 2 жолку Азия чемпиону;

2.Коробицкая Мария  Кыргызтандын спорт чебери.

3.Маслова Дарья Кыргызстандын спорт чебери, 2 жолку Азиянын чемпиону.

4.Эң жаш спортчу Клещукова Арина Азиянын чемпиону, рекордсмени Колумбия мамлекетинде болуп өткөн олимпиаданын финалисти, алтын медалдын ээси.

5.Тьяпкин Илья  Кыргыз Республикасынын спорт чебери, көптөгөн медалдардын ээси.

Мына ушул спортсмендер Кыргызстандын наамысын коргоп, Дүйнө элине кыргыз желегин желбиретип келерине ишенип, Жалал-Абаддын жаш спортсмендери жана машыктыруучулары, ОИИБнын кызматкерлери аларга ак жол каалап, Жалал-Абад шаарынан узатышты.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...

СПОРТ 2016-09-21  08:45

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...

СПОРТ 2016-09-21  08:52

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...

СПОРТ 2016-05-02  23:16

"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты

“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...

СПОРТ 2016-05-04  16:08

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...

СПОРТ 2016-05-05  10:08

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абад  шаарындагы “Динамо”  спорт  ордосунда Кыргызстандын  футзал  боюнча  Өлкө...

СПОРТ 2016-05-05  11:51

Жалал-Абад Динамо командасы  футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...

СПОРТ 2016-05-07  18:20