KELECHEK
rek

ЖАЛАЛ-АБАД: МИСТЕ ТОКОЮ МАЛАК КУРТТАН АРЫЛУУДА (ФОТО)

ЖАЛАЛ-АБАД: МИСТЕ ТОКОЮ МАЛАК КУРТТАН АРЫЛУУДА (ФОТО)

Жалал-Абад шаарынын батыш тарабындагы мисте токойлорунда кыштын ыңгайлуу аба-ырайынан пайдаланып малак куртун терүү иштери жүрүп жатат. Малак куртун токой чарбалары эмес, шаардык Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарбасынын эмгек жамааты алып барууда.

Мурда күн ысыганда малак курттарга каршы дарылоо иштери алып барылчу, эми шаардыктар адегенде кышкы уйкуда жаткан курттарды кол менен терип чыгып, анан гана дарылоо ишин жүргүзө турган болушту. Ушинткенде зыяндуу курттарга каршы күрөш натыйжалуу жүрөрүн айтышат.

Мурда мисте токоюн бир кароолчу көзөмөлдөп, курттарга каршы күрөштү да жалгыз өзү алып барчу, эми чарбанын 20 кызматкери да бул ишти колго алды. Алгачкы 15 күндүк иш учурунда мисте токоюнун 18 гектар аянтынан чарбанын жумушчулары 18 килограмм зыяндуу курттарды терип алышып, аны жок кылуу үчүн адис-экологдорго тапшырышты. Иш дагы да улантылууда.

Эскерте кетсек, “Жалал-Абад” санаторийи жайгашкан Аюб-Тоодогу мисте токойлорунун 214 гектары Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине тиешелүү жана шаардык Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарбасынын балансында турат. Жыл сайын мистелер зыяндуу курт-кумурскалардан жабыр тартып келсе, чарбанын жамааты быйыл коргоо иштерин эрте баштап жиберишти. Эми кол менен терип бүтүшкөн соң, химиялык дарылоо иштерин да жүргүзүшөт. Ага бюджеттен 55 миң сом каралган. 

Ал эми жалпы Жалал-Абад областында 33 миң гектар аянтта мисте токойлору бар.       

 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13