KELECHEK
rek

Текебаев жатак абакка 2020-жылы которулат

Текебаев жатак абакка 2020-жылы которулат

 «Ата Мекен» партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев жатак абакка 2020-жылдын 10-февралында которулат. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров билдирди.

«Бизде камакта отургандардын мөөнөтүн эсептеген атайын бөлүм бар. Алар камактагылардын күнүнөн, саатынан бери санашат. Эгер мөөнөтүнөн ашык отуруп калса, адамды мыйзамсыз камакта кармоо болуп эсептелет. Ошондуктан кылдаттык менен эсептелет. Мага кат жүзүндө да, оозеки да айтып көп адам кайрылат. “Отурган мөөнөтүбүздү карап бергиле. Туура эмес болуп жатат. Же жатак абакка которуп койгула” дешет. Ошолордун ичинде Текебаевдики да бар. Алардын мөөнөтүн санай турган адистер бизде гана бар. Жазаны аткарып жаткандыктан биздин эсебибиз туура болот. Эгер туура эмес болсо адистер мыйзамдын астында жооп берет», - деди Жапаров.

Былтыр 22-декабрда ооруканада жаткан Өмүрбек Текебаев менен жолугушуу үчүн бир катар саясатчылар барган. Анда Текебаев жатак абагына эки айдан кийин которула турганын айткан. 9-январда дарылануусу аяктагандан кийин ал Улуттук кардиология борборунан абакка которулган.

«Ата Мекен» партиясынын лидери, парламенттин мурдагы төрагасы жана депутаты Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы, мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга кесилген.

10-январда президенттин алдындагы атайын комиссия Өмүрбек Текебаевди абактан бошотуу жөнүндөгү экс-президент Роза Отунбаеванын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тарткан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53