KELECHEK
rek

Кыргыз-казак чек арасында өлтүрүлгөн жарандын сөөгү Казакстанга өткөрүлүп берилди

Кыргыз-казак чек арасында өлтүрүлгөн жарандын сөөгү Казакстанга өткөрүлүп берилди

Кыргыз чек арачылары тарабынан атылып өлтүрүлгөн казак жаранынын сөөгү Казакстанга өткөрүлүп берилди.

Учурда эки өлкөнүн Чек ара кызматтары биргелешкен тергөө иштерин жүргүзүшүүдө.

23-январда каза болгон казакстандыктын туугандары Талас облусуна келишкен — алар тергөө иштерине катышууда. 24-январда маркумдун сөөгү казак тарапка өткөрүлүп берилди.

Ал ортодо Казакстандын чек арачылары өлкө аймагына кирип жашырынып калган эки адамды издөө иштерин улантышууда. Ошол эле маалда кыргыз аскерлери дагы Талас облусунун Манас районунун аймагында издөө иштерин жүргүзүп жатышат.

24-январда эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков менен Бейбут Атамкулов телефондон сүйлөшүп, чек арада болгон окуяны талкуулашкан.

23-январда кыргыз-казак чек арасына жакын жерде мыйзам бузууга шектелген адам жоокерлер аткан октон каза тапкан. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлагандай, Талас облусунун Манас районуна караштуу Жайылган аймагында кыргыз тараптан 15 чакты жылкыны айдап, Казакстанга мыйзамсыз өтүп бараткандар аныкталган. Ал жерге чек арачылар барып, мыйзам бузгандарды кармоого аракет кылганда шектүүлөр каршылык көрсөтүп, жоокерлерге бычак шилтешкен. Коопсуздукту коргош үчүн чек арачылар асманга ок атып, эскертүү беришкен. Ага карабай, беркилер каршылык көрсөтө бергендиктен, жоокерлер ок атып, бирөө каза болгон. Дагы экөөсү Казакстандын аймагына өтүп кетишкен.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...