KELECHEK
rek

Төрага Дастанбек Жумабеков Аксы районунун активи менен жолугушту (ФОТО)

Төрага Дастанбек Жумабеков Аксы районунун активи менен жолугушту (ФОТО)

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, депутаттар Алмазбек Эргешов жана Рада Туманбаева Жалал-Абад облусундагы иш сапардын алкагында Аксы районунун активи менен жолугушту.

Төрага Дастанбек Жумабеков алгач өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу учкай маалымат берип, Жогорку Кеӊеш тарабынан кабыл алынып жаткан айрым мыйзамдарга токтолду.

"Мамлекет башчыбыз тарабынан коррупциялык аракеттерди азайтууга өзгөчө көӊүл бурулуп, мыйзамсыз көрүнүштөргө каршы күрөш күчөтүлүүдө. Андан тышкары, өткөн жылды улай быйыл да "Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү" жылы деп жарыяланып, алыскы райондордогу калктын жашоо-шартын жакшыртууга басым жасалууда. Биздин негизги максат элдин байлыгын элге жумшоо менен өлкөбүздү өнүктүрүү", -  деди Төрага Дастанбек Жумабеков.  

Ошондой эле, 2019-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилген жаңы кодекстер жана мыйзамдар тууралуу да кеп кылган Жогорку Кеӊеш Төрагасы, алардын кабыл алынышы сот-укуктук реформаларды ишке ашыруудагы башкы кадам болгонун белгилеп, андагы айрым кемчиликтер тез арада жоюлушу керектигин кошумчалады.

Жолугушууда жергиликтүү эл тарабынан аймактагы бир катар социалдык маселелер айтылып, мектеп, бала бакча, жол, ичүүчү жана сугат суу сыяктуу көйгөйлөр көтөрүлдү. 

Төрага Дастанбек Жумабеков быйылкы жылдагы алгачкы иш сапарын Аксы районунан баштаганын эске салып: "Башка аймактар сыяктуу эле Аксы районунун социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүү учур талабы. Айрыкча, Таш-Көмүр-Кербен унаа жолун калыбына келтирүүнү колго алышыбыз керек. Андан тышкары, кайра иштетүү ишканаларын куруу аркылуу, аймакта өстүрүлгөн кара өрүктү экспорттоо маселесин да чечүүбүз абзел", - деди.

Ошондой эле, жолугушууда айтылган ар бир маселе жоопсуз калбарын айткан Төрага, бардык олуттуу маселелер Жогорку Кеӊеште караларын кошумчалады. Муну менен катар жергиликтүү кеӊештин депутаттарын ар убак кабыл алууга даяр экендигин билдирип, ачык-айкын талкуулоо аркылуу ар бир маселени чечүүгө болоруна токтолду. Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеӊештин Төрагасын коштоп барган Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева баштаган тиешелүү Өкмөт өкүлдөрү менен жергиликтүү бийлик жетекчилери да калктын суроолорун жооп берип, көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган пикирлери менен бөлүшүштү.

Жолугушуудан соӊ, Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттар жана Өкмөт өкүлдөрү Аксы окуясында курман болгондорго арналып тургузулган эстеликке барып, маркумдарга арнап куран окутулду.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41