KELECHEK
rek

Цирк кызматкерлери иштен кетүү боюнча арыз жазышты

Цирк кызматкерлери иштен кетүү боюнча арыз жазышты

Мамлекеттик циркте эмгектенген 30дан ашуун артист, труппа жетекчилери иштен кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу “Азаттыкка” цирктеги “Жаш Кыргызстан” труппасынын жетекчиси Данияр Бөлөкбаев кабарлады.

Анын айтымында, арыз менен бирге артисттер эл аралык мелдештерде, ар кандай сынактарда утуп келген кубокторун, грамоталарын маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловго тапшырганы жатышат.

- Министр "үч күн ичинде жетекчи дайындалат" деп убада берген. Бүгүн үчүнчү күн болуп жатат. Кеч кирип баратат, эч кандай жумуш болгон жок, - деди Данияр Бөлөкбаев.

Ушул дүйшөмбүдө Мамлекеттик цирктин 20дай кызматкери Жогорку Кеңештин имаратынын алдында нааразылык иретинде оюн-зоок уюштурган. Акцияга катышкандар эки айга жакын убактан бери жетекчи дайындалбай жатканына, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун цирктин жамааты сунуш кылган Аида Акматованын талапкерлигине каршы болуп жатканына нааразы экенин айтышкан.

Министр Жаманкулов цирк жетекчилигине көрсөтүлгөн талапкерлердин программа-концепциясы каралып жатканын, мекемеге мыкты менежер барышы керек экенин айткан.

Циркти буга чейин, 2004-жылдан бери жетектеп келген директор Курмангазы Исанаев өткөн жылдын соңунда чыгармачыл жамааттын нааразылыгынан улам жумуштан кеткен.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13