«Шатдаун» жаңырыгы Тажикстанга чейин жетти
Тажикстанда Кошмо Штаттардын өкмөтү тарабынан каржыланган долбоорлорду ишке ашырып келген уюмдардын кызматкерлери төлөнбөгөн эмгек өргүүгө чыгарылды. Буга АКШ өкмөтүнүн ишинин жарым-жартылай токтошу (шатдаун) себеп болду.
Өткөн жылдын 22-декабрынан бери АКШда акчанын жоктугунан улам өкмөттүн иши жарым-жартылай токтогон. Президент Дональд Трамп Мексика чек арасына дубал куруу үчүн акча бөлүнбөй жаткандыктан, бюджетти жактыруудан баш тартууда.
Тажикстанда АКШ өкмөтү тарабынан каржыланган жерлерди сугаруу боюнча долбоордун жетекчилеринин бири бир айга төлөнбөгөн өргүүгө чыгарылышканын билдирди. «Бирок эгер «шатдаун» токтобосо, өргүүбүз дагы узартыла турганын эскертишти», — деди ал.
Мындан тышкары АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) алкагында аткарылып жаткан айрым долбоорлор дагы токтоду. Мигранттардын саламаттыгын жакшыртуу жана кургак учукка каршы күрөшүүгө багытталган долбоорлордун бири ишин бир нече жума мурда эле токтоткон. Аны ишке ашыруу менен Миграция боюнча эл аралык уюмдун Тажикстандагы өкүлчүлүгү алектенип жаткан.
Расмий маалыматтар боюнча 27 жылдын ичинде Кошмо Штаттар жеке секторду, айыл чарба, саламаттык сактоо, билим берүү жана коопсуздук тармактарын өнүктүрүү программалары үчүн Тажикстанга 1,8 миллиард доллардан ашык каражат бөлгөн. Өткөн жылы октябрда АКШ Тажикстанга сегиз миллион долларлык аскердик техникалар менен жабдуулардын кезектеги партиясын берген. Анда алар Ооганстандан келе турган коркунучтарды токтотуу үчүн колдонула турганы айтылган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









