Майлуу-Сууда өткөрүлгөн операциясы учурунда бир нече курал-жарактар табылды
Майлуу-Суу шаарында өткөрүлгөн "Бандит" операциясы учурунда шектүү жарандын үйүнөн бир нече курал-жарактар табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Алынган маалыматка караганда, Жалал-Абад ОИИБнын изкубарлары тарабынан ок атуучу куралдарды сактагандыгы жана ок атуучу куралдарды жасагандыгы боюнча оперативдүү маалымат алынган. Ал маалыматтардын негизинде жана Майлуу-Суу ШИИБнүн кызматкерлеринин жардамы менен опертивдүү топ түзүлүп, 2016-жылдын 24-июнь күнү саат 14-00 чамаларында, Майлуу-Суу шаарынын Садовая көчөсүнүн тургуну 1953-жылы туулган Ф.А.нын үйүнө күбөлөрдүн катышуусунда, Жалал-Абад областык сотунун санкциясы менен үйүнө тинтүү жүргүзгөн учурда төмөндөгү курал жарактар алынды.
1. 1948-жылы чыгарылган “ТОЗ” үлгүсүндөгү сайлуу курал;
2. 16 калибрдеги сайсыз курал;
3. Стволу жасалган “ТОЗ” үлгүсүндөгү сайлуу курал;
4. ТОЗ үлгүсүндөгү сайлуу куралдын кундагы;
5. “Револьвер” тапанчасы;
6. "ИЖ" үлгүсүндөгү пневматикалык курал;
7. 20 даана 16 калибрдеги гильза;
8. 6 даана “Револьвер” тапанчасынын огу;
9. 10 даана 32 калибрдеги ок жана анын 5 даанасы октолгон.
“Алынган курал-жарактар жана ок-дарылар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө”, - деп билдирет басма сөз кызматы.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05