KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков министр Улукбек Кочкоровду кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков министр Улукбек Кочкоровду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-январда өлкөнүн эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровду кабыл алды.

Анда эмгек жана социалдык коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын талаптарын ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Министр мамлекеттик социалдык кызматтарды көрсөтүүнү автоматташтырууну ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков «Санариптик Кыргызстан» бирдиктүү санарип платформасынын жана ведомстволор аралык электрондук «Түндүк» системасынын негизинде мамлекеттик социалдык кызмат көрсөтүүнүн автоматташтырылган системасын киргизүүнү тездетүү керектигин белгиледи.

Ал Улуттук өнүктүрүү стратегиясында базалык адистештирилбеген социалдык кызматтарды уюштурууну жана көрсөтүүнү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү зарылдыгы белгиленгенин эске салып, 2019-жылдын декабрь айына чейин аймактарда 10дон кем эмес мындай кызматтарды көрсөтүүчү борборлорду түзүүнүн актуалдуулугун белгиледи.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков өзгөчө өлкөнүн аймактарында жөлөкпулдарды жана компенсациялык төлөмдөрдү бөлүүдө социалдык өнүктүрүү органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга өзгөчө көңүл бурду.

«Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эл ичинде аброю бийик болушу керек, анткени сиздердин ишмердүүлүк жарандардын социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө, аларга жардам көрсөтүүгө багытталган. Тилекке каршы, айрым жетекчилердин алешемдиктеринен улам министрликке болгон ишенимге доо кеткен. Сиздердин милдет — өзүңөрдүн натыйжалуу ишиңер аркылуу калкты социалдык жактан коргоону күчөтүп, мекемеге болгон ишенимди кайтаруу», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Кыргыз Республикасынын Президенти мамлекеттик пособиялар боюнча мыйзамдын акыркы өзгөртүүлөрү өлкөнүн социалдык жактан аярлуу жарандардын абалын начарлатканын белгиледи. «Аныктоо жана социалдык коштоо маселелеринде децентрализация жана айылдык башкармалыктардын катышуусу зарыл».

Мындан тышкары, Сооронбай Жээнбеков өзгөчө өлкөнүн аярлуу катмарларына тиешелүү жөлөкпулдарды кечиктирбей, өз убагында төлөө, жумушсуздукту кыскартуу боюнча чараларды күчөтүү, «Санариптик Кыргызстан» жана «Түндүк» электрондук системалары аркылуу эмгек рыногу боюнча бирдиктүү маалыматтык базаны түзүү зарылдыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы ошондой эле жашы жете элек балдарга карата зордук-зомбулук көрсөтүү фактыларынын көбөйгөнүнө көңүл буруп, 2018-жылдын декабрынан бери эле 6 окуя катталганын белгиледи.

Президент министрлик өзгөчө оор турмуштук абалга туш болгон үй-бүлөлөр менен алдын алуу иш алып барууну күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Ал ата-энесинин камкордугусуз жана көзөмөлсүз калган балдардын электрондук маалымат базасы дагы эле түзүлө электигине көңүл бурду.

«Камкордуксуз жана көзөмөлсүз калган ар бир баланы аныктап, оор турмуштук шартта жашаган балдарды коргоо боюнча иш-чаралар планын жана үй-бүлө менен жекече иштөөнүн планын иштеп чыгуу, аларга тиешелүү кызматкерлердин социалдык коштоосун камсыз кылуу керек», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12