Тажикстанда тергөө абагында суицидге барган аял бошотулду
Истад Курбонова
Тажикстандын Айни районунун 70 жаштагы тургуну Истад Курбонова жергиликтүү тергөө абагында өз жанын кыюуга аракет жасагандан кийин эч жакка чыкпоо жөнүндө тилкат менен бошотулду. Ал жер тилкесин басып алуу жана мыйзамсыз курулуш жүргүзүү айыбы менен кармалган.
Согди облусунун прокуратурасы улгайган аял дарыланууга муктаж экенин, буга байланыштуу анын баш коргоо чарасы өзгөртүлгөнү тууралуу Истад Курбонованын туугандарына кат жөнөткөн. Катта тергөө абагындагы суицид аракетинин себептери иликтенери жөнүндө сөз болгон эмес.
Истад Курбанованын жолдошу Баходур Бобоев кылмыш ишин Хожент же Душанбе тергөөчүлөрүнүн иликтөөсүн суранууда:
– Биз бул ишти мыйзам чегинде калыс иликтөөнү сурайбыз. Жергиликтүү тергөөчүлөргө ишенбейбиз. Тергөөнү Хожент же Душанбе тергөөчүлөрү жүргүзсө жакшы болмок. Бирок облустук прокуратура буга көнгөн жок.
Бобоевдин айтымында, жубайы жергиликтүү прокуратуранын адилетсиз аракеттерине каршылык көрсөтүү үчүн өткөн аптада өзүн-өзү өрттөөгө аракет жасаган.
Буга чейин жергиликтүү укук коргоо органдары Курбонова кокусунан кайнак сууну башынан ылдый куюп жибергенин маалымдашкан. Бирок айыпталуучунун адвокаты ал өзүн өрттөгө аракет жасаганын айткан.
70 жаштагы Истад Курбонова ушул айдын башында жер тилкесин басып алуу жана ал жерде мыйзамсыз курулуш жүргүзүү айыбы менен камалган. Бирок ал аталган жер тилкесин совет мезгилинде эле мыйзамдуу түрдө алганын билдирүүдө.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53