KELECHEK
rek

Казакстанда аткезчиликке айыпталаган Дамирбек Асылбек уулу күнөөнү мойнуна алган жок

Казакстанда аткезчиликке айыпталаган Дамирбек Асылбек уулу күнөөнү мойнуна алган жок

Казакстандын Алматы шаарында мурдагы депутат, “Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү Дамирбек Асылбек уулу аралашканы кабарланган иш боюнча соттук териштүрүү уланууда.

Сот айыпталуучуларды сурай баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” соттук териштирүүгө катышып келген Жогорку Кеңештин депутаты, Асылбек уулунун фракциялашы Руслан Чойбеков билдирди:

- Бул бир аз саясий процесс болуп калды көрүнөт. Ал жерде кармалган башка айыпталуучулардын баары Дамирбекти тааныбай турганын айтышты. Аны менен отургандардын баары - чек аранын айланасында туруп такси, араба түртүп кызмат көрсөткөн балдар. Ал жерде отурган казак жана кыргыз жарандары бири-бирин тааныбайт экен. "Анан кандайча "уюшкан кылмыш тобу, трансулуттук аткезчилик" деп айтылып жатат?” деп айтып жатышат.

Чойбековдун айтымында, жума күнү соттук териштирүүдө Дамирбек Асылбек уулу суралган. Ал күнөөнү мойнуна алган эмес.

Буга чейин аткезчилик боюнча айыпталып, Алматыда камакка алынган кыргызстандык депутат Дамирбек Асылбек уулунун паспорту жараксыз деп табылган. Учурда ал Кыргызстандын жараны катары соттолууда. Соттук жараяндарга “Кыргызстан” фракциясынын экиден депутаты катышып келип жатат.

Былтыр февралда Казакстанда аткезчиликке шектүү катары кармалган 29 кишинин арасында Кыргызстандын үч жараны, алардын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу да бар экени белгилүү болгон.

Кийин анын казак паспорту да бар экени аныкталган соң Борбордук шайлоо комиссиясы Асылбек уулун депутаттык мандаттан ажыраткан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53