Астанада үйүнөн айрылгысы келбеген жаран газ баллон жардырууга ниеттенүүдө
Астанада сот аткаруучулар бүгүн Мейрамовдорду күч менен көчүрүү үчүн келишти. "Азаттыктын" казак кызматы кабарлагандай, үй-бүлө башчысы Адилбек Мейрамов каршылык көрсөтүп, турак-жайды зордоп тартып алышса, газ баллонду жардырарын айтып коркутууда.
Үйдө Мейрамов менен бирге анын жашы жете элек үч баласы бар. Аларды турагынан чыгаруу мыйзамсыз экендигин айткан үй-бүлө башчысы газ баллонун кармап эшик алдында турат. Жергиликтүү бийлик сунуш кылган үй аларга жаккан эмес. Бүлө жашаган там сүрдүрүлүшү керек болчу.
Мейрамовдун жубайы Гүлзада Арыкбаева жаңы эле ооруканадан келген. Үйдү бошотуу боюнча атайын билдирүү алышкан эмес.
Сот аткаруучулардан тышкары полиция, өрт өчүрүүчүлөр жана тез жардам кызматкерлери да келишти.
Мейрамовдорду көчүрүү аракети биринчи жолу болуп жаткан жок. Мурдагы жылдын декабрында ушундай эле окуя кайталанып, Гүлзада Арыкбаева мойнуна бычак такап, өзүн өлтүрөм деп коркуткан. Жыйынтыгында көчүрүү кийинкиге жылдырылган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53
Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул
Батыш Казакстан облусунун Уральск шаарынын 50 жаштагы тургуну Бауыржан Алипкалиевке айып пул салынды....
УКУК 2016-05-04 16:03
Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда
Дүйшөнбүдө Бузургмехр Ёров жана Нуриддин Махкамовго байланыштуу ачык соттук жараян...
УКУК 2016-05-04 16:16
Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды
Тажикстанда сот бири-бирине тууганчылык жайы бар жаштарды ажыраштыруу жөнүндө чечим кабыл...
УКУК 2016-05-04 16:20









