KELECHEK
rek

Ферганада түрттүрүлө турган үйдүн тургуну жүрөгү кармап каза болду

Ферганада түрттүрүлө турган үйдүн тургуну жүрөгү кармап каза болду

19-январда Фергананын борборундагы бузулуп жаткан үйдүн 44 жаштагы жашоочусу Виктор Аристов жүрөгү кармап каза болду. Туугандары ал үйдүн тургундарын башка жерге көчүрүүгө аракет кылган жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн басымына туруштук бере албай калганын билдиришүүдө.

«Акимчилик кызматкерлери менен анын үй-бүлөсүнүн ортосунда жаңжал болду. Жыйынтыгында үй ээсинин кан басымы жогорулап, жүрөгү кармап жыгылды. Эртеси ооруканада каза болуп калды», — деп билдирди маркумдун коңшуларынын бири.

Шаар бийлиги азырынча бул окуя боюнча комментарий бере элек. Аристовдун өлүмүнөн кийин калаа башчынын орун басары прокуратурага чакырылганы айтылууда.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Фергана акимчилиги 2-январда жакынкы күндөрү аталган райондогу онго жакын үй түрттүрүлө турганын билдиришкен. Бирок жашоочулар бийлик тарабынан сунушталган жаңы үйлөр шаар четинде экенин жана жакын жерде мектеп менен дүкөндөр жок экенин билдиришүүдө. Буга байланыштуу ондогон үй-бүлө көчүп кетүүдөн баш тартышууда.

Расмий маалыматтар боюнча Фергананын борборундагы көп кабаттуу үйлөр өткөн кылымдын 41-45-жылдары курулуп, учурда «моралдык жактан эскирген» деп эсептелинет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...