Иракта соттолгон тажик аялдар балдарынын мекенине кайтарылышына каршы болушууда
Ирак сотундагы тажик аялдар
Иракта соттолгон тажик аялдардын айрымдары балдарынын мекенине кайтарылышына макул болбой жатышат.
Тажикстандын Сауд Арабиясындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, Иракта жалпысынан мекенине жөнөтүлүшү керек болгон 95 бала катталган. Бирок мыйзам боюнча апалары алардын Тажикстанга кайтарылышына макулдугун бериши керек.
Тажикстандын Кувейт менен Ирактагы элчиси Зубайдулло Зубайдзоданын айтымында, соттолгон 43 аялдын 15и балдарын мекенине жөнөтүүдөн баш тартышкан. «Көбү туугандары алардан баш тартышканын айтып, балдарын кабыл албай коюшарын билдиришүүдө. Биз аларга балдары кароосуз калбай турганын айтсак да макул болбой жатышат», — деди элчи.
Анын айтымында, дипломаттар соттолгон мекендештердин туугандары менен дайыма байланышта болуп, кандай жол менен болсо да балдарын мекенине кайтарууга аракет кылышууда. «Бул президенттин буйругу. Балдар ата-энелеринин кылгандыгы үчүн жооп бербейт да. Эгер балдарды туугандары кабыл алуудан баш тартса, алар мамлекеттин камкордугунда болушат», — деп белгиледи дипломат.
Ал кошумчалагандай, Иракта соттолгон тажик аялдар менен балдардын тизмеси мындан да көбөйүшү мүмкүн. Анткени кармалган тажикстандык аялдар башка өлкөнүн жараны экенин айткан учурлар дагы катталууда.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









