Гүлнара Каримованын мурдагы күйөөсү анын Швейцарияда тоңдурулган акчаларынын бир бөлүгүн алууну көздөөдө
Гүлнара Каримованын мурдагы күйөөсү, АКШнын жараны Мансур Максуди Өзбекстандын маркум президентинин кызына таандык Швейцария банктарында тоңдурулган акчанын бир бөлүгүн алууну көздөп жатат. Бул тууралуу Максуди Швейцариянын Der Bund гезитине берген интервьюсунда билдирди.
Басылманын маалыматына караганда, Мансур Максуди бир тууганы Фарид менен бирге Гүлнара Каримованын тоңдурулган 800 миллион франкынын 100 миллионун алууну көздөп жатат.
Гүлнара Каримова менен Мансур Максуди 1991-жылы баш кошуп, 2001-жылы ажырашып кетишкен.
«Ажырашкандан кийин Мансур менен Фариддин Өзбекстандагы мүлкүн тартып алышкан. Алардын Coca-Cola Bottlers Uzbekistan компаниясындагы үлүштөрү ортомчулар аркылуу швейцариялык Zeromax компаниясына берилген», - деп жазды Der Bund.
Мансур Максуди басылмага берген интервьюсунда мүлкүн тартып алгандар жазасыз калбай турганын эскерткен.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди
АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-07-05 23:23
Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди
Расмий Берлиндин пикиринде, азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:18
Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды
Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:25
Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...
Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 21:37
Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал
Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:23
Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды
Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:47
National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат
National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 16:04